# 112-берене. Бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарын же болбосо жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттерди аткаруу. Аларды өндүрүп алуу тартиби

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам таможенного регулирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.11.2025 [Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам таможенного регулирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080); 09.08.2023 [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289610..40641>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-112>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-112.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 112-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-112

---

1. Бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарын же жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттерди аткаруунун жалпы жоболору Кодекстин 270-беренесинде белгиленген.

2. Бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдары, салыктар же болбосо жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдары, салыктары мындай товарларды чыгарып берүүчү бажы органы тарабынан бажылык декларациялоо учурунда декларант билдирген маалыматтардын негизинде, ошондой эле жүргүзүлгөн бажы контролунун натыйжалары боюнча эсептеп чыгылат.

3. Бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдары, салыктар же болбосо жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдары, салыктар ушул Мыйзамдын 52-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эсептерге төлөнөт.

4. Кодекстин 268-беренесинин 6, 7 жана 15-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыкканда, бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдары, салыктары же болбосо жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдары, салыктары бажы органы тарабынан, өздүк пайдалануу үчүн товарларга карата бажы алымдарынын, салыктарынын эсептелиши боюнча эсептеп чыгылат.

5. Бул эсептеп чыгуунун формасы, аны толтуруу жана ага өзгөртүү (толуктоо) киргизүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

6. Төлөөчү бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарын же болбосо жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттүүлүктү аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда ушул Мыйзамдын 58-беренесинде белгиленген тартипте жана мөөнөттө үстөк төлөнөт.

7. Бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарын же болбосо жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган милдетке карата үстөк төлөнбөй турган учур Кодекстин 270-беренесинин 3-пунктунун үчүнчү абзацында аныкталган.

8. Бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарын же болбосо жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттер аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган учурда бажы органдары мындай бажы алымдарын, салыктарын төлөөчүгө, ошондой эле Кодекске ылайык бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарын же болбосо жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдетти төлөөчү менен чогуу тарткан жактарга бажы алымдарынын, салыктарынын белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн суммасы жөнүндө ушул Мыйзамдын 54-6еренесинин 6-13-бөлүктөрүндө белгиленген тартипте жана мөөнөттө Кабарлама жиберет.

9. Бажы органдары тарабынан мындай Кабарлама жиберилбей турган учурлар Кодекстин 270-беренесинин 5-пунктунда белгиленген.

Кабарлама жиберилбей турган, ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөндөн башка учурлар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталышы мүмкүн.

10. Кабарламада белгиленген талаптар бул Кабарламада көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылбаган учурда, ошондой эле Кодекстин 270-беренесинин 5-пунктуна ылайык мындай Кабарлама жөнөтүлбөгөндө, бажы органдары бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарын же болбосо жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарын өндүрүп алуу боюнча чараларды көрөт.

Бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарын же болбосо жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарын өндүрүп алуу мөөнөтү товарлар өздүк пайдалануу үчүн чыгарып берилген учурдан тартып беш жылдан ашпоого тийиш.

11. Бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарын же болбосо жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарын өндүрүп алуу боюнча чараларга ушул Мыйзамдын 77-беренесинин 2-бөлүгүндө жана 78-беренесинде көрсөтүлгөн чаралар кирет.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-1-глава. Электрондук соода товарларын Бирликтин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү тартибинин жана шарттарынын өзгөчөлүктөрү

112-1-бepeнe. Электрондук соода товарларын Бирликтин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү тартиби жана шарттары жөнүндө жалпы жоболор

1. Электрондук соода товарларын Бирликтин бажы аймагына ташып келүүнүн, алардын Бирликтин бажы аймагында туруу жана пайдалануу, электрондук соода товарларын убактылуу сактоо, бажылык декларациялоо жана чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү тартибинин жана шарттарынын өзгөчөлүктөрү, электрондук соода товарларына карата бажы кампасынын бажы жол-жоболорун колдонуунун, ошондой эле Бирликтин бажы аймагынан ташып чыгарылуучу мындай товарларга жана электрондук соода товарларына карата бажы төлөмдөрүн колдонуунун өзгөчөлүктөрү Кодекстин 43-1-главасында жана ушул главада аныкталат.

Электрондук соода товарларын Бирликтин бажы аймагынан ташып чыгаруунун тартибинин жана шарттарынын өзгөчөлүктөрү, анын ичинде Бирликтин бажы аймагынан товарларды ташып чыгарууга жол берген бажы жол-жоболоруна аларды жайгаштыруу шарттарынын өзгөчөлүктөрү жана мындай бажы жол-жоболорун колдонуунун өзгөчөлүктөрү, Бирликтин бажы аймагынан ташып чыгарылуучу электрондук соода товарларына карата бажы операцияларын жүргүзүү тартибинин өзгөчөлүктөрү жана мындай товарларга карата бажы төлөмдөрүн Кодекстин 309-8-беренесинин 5-пунктун эске алуу менен колдонуунун өзгөчөлүктөрү Комиссия тарабынан аныкталышы мүмкүн.

2. Бирликтин бажы аймагына ташып келинген, аларга карата бажы операциялары Кодекстин 43-1-главасында жана ушул главада белгиленген электрондук соода товарларын Бирликтин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү тартибинин жана шарттарынын өзгөчөлүктөрүн колдонуу менен жүргүзүлгөн товарлар алар чыгарылгандан кийин коммерциялык иште колдонулбашы керек.

Аталган товарларды коммерциялык иште пайдалануу фактылары аныкталган учурда Интернет тармагынын ресурстарын пайдалануу менен электрондук соода аянтчаларында бүтүмдүн тарабы болуп саналган жана мындай товарларды коммерциялык иште пайдаланган жеке жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. (КР 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [111-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-111)  
Кийинки берене: [112-2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-112-2)
