# 112-5-берене. Бирликтин бажы аймагына ташылып келүүчү, жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларын чыгаруу

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-112-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 112-5-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-112-5

---

1. Бирликтин бажы аймагына ташылып келүүчү, жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларын чыгаруу бажы органы тарабынан төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:

1) Кодекстин 43-1-главасына ылайык электрондук соода товарларына карата бажы алымы төлөнсө;

2) Кодекстин 7-беренесине ылайык тыюу салуулар жана чектөөлөр сакталса;

3) салык мыйзамдарында белгиленген салыктар төлөнсө;

4) бажы органдары товарларды чыгаруу менен байланышкан аракеттерди жасагандыгы үчүн бажы жыйымдары төлөнсө.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн электрондук соода товарларын чыгаруу Кодекстин 119-беренесинде белгиленген мөөнөттөрдө аяктоого тийиш.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн электрондук соода товарлары алар чыгарылган учурдан тартып Бирликтин товарларынын статусуна ээ болот.

(КР 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [112-4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-112-4)  
Кийинки берене: [112-6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-112-6)
