# 112-4-берене. Электрондук соода товарларын бажылык декларациялоо

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-112-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 112-4-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-112-4

---

1. Бирликтин бажы аймагына ташылып келүүчү, жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларынын декларанттары катары 16 жаш курагына толгон, мындай товарларды алуучулар болуп саналган жеке жактар чыга алат.

Кодекстин 309-5-беренесинин 5-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларынын декларанты болуп электрондук соода оператору чыгат.

2. Кодекстин 309-6-беренесинин 4-пунктунун 1-3-пунктчаларына жана 5-пунктуна ылайык бажы кампасынын бажы жол-жобосунун колдонулушунун аяктоосу үчүн бажы кампасынын бажы жол-жобосуна жана башка бажы жол-жоболоруна жайгаштырылуучу, жеке жактарга сатуу үчүн арналган электрондук соода товарларынын декларанты болуп электрондук соода оператору чыгат.

3. Электрондук соода товарларын бажылык декларациялоо Кодекстин 309-4-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [112-3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-112-3)  
Кийинки берене: [112-5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-112-5)
