# 112-3-берене. Электрондук соода товарларын убактылуу сактоонун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-112-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 112-3-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-112-3

---

1. Электрондук соода товарларын убактылуу сактоо Кодекстин 16-главасына ылайык Кодекстин З09-3-беренесинде жана ушул беренеде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

2. Кодекстин 101-беренесинде каралган электрондук соода товарларын убактылуу сактоо мөөнөтү бүткөнгө чейин жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларына карата бажылык декларациялоо жана башка бажы операциялары Кодекстин 309-4-беренесинин 1-пунктунун биринчи абзацында көрсөтүлгөн жак тарабынан жүргүзүлбөсө, мындай электрондук соода товарлары бажы органынын уруксаты менен бажылык декларациялоосуз жана бажы жол-жоболоруна жайгаштырылбастан Бирликтин бажы аймагынан электрондук соода оператору тарабынан ташылып чыгышы же болбосо мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы жол-жобосуна же жок кылуунун бажы жол-жобосуна жайгаштырылышы мүмкүн.

Жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларын Бирликтин бажы аймагынан ташып чыгарууга бажы органынын уруксатын алуу жана тариздөө менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү тартиби Комиссия тарабынан аныкталат. Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн, Бирликтин бажы аймагынан ташылып чыгуучу электрондук соода товарларын ташуу (транспорттоо) бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу учурларда жана тартипте ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн Бирликтин бажы аймагынан ташылып чыгуучу электрондук соода товарларын ташуу (транспорттоо) бажы транзитинин бажы жол-жобосуна жайгаштырылбастан жүзөгө ашырылат. Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн электрондук соода товарларына карата бажы транзитинин бажы жол-жобосун колдонуунун өзгөчөлүктөрү Комиссия тарабынан аныкталышы мүмкүн. (КР 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [112-2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-112-2)  
Кийинки берене: [112-4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-112-4)
