# 112-10-берене. Жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларынын наркы

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-112-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 112-10-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-112-10

---

1. Жеке жактар сатып алган ташып келинүүчү электрондук соода товарларынын бажы наркын аныктоо Кодекстин 309-10-беренесине ылайык жүргүзүлөт.

2. Бажы аймагынан ташып чыгарылуучу, жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларынын наркы чектерде, эсептерде, банктык төлөм документтеринде жана мындай товарларды сатып алуу менен байланышкан башка документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде, ал эми электрондук соода оператору бажы операцияларын жүргүзгөн учурда - электрондук соода оператору тарабынан электрондук соода аянтчасынан алынган, мындай товарларды сатып алуу менен байланышкан маалыматтардын (мындай маалымат бар болсо) негизинде да аныкталат.

3. Бажы органы бажы контролунун жыйынтыктары боюнча Кодекстин 309-10-беренесинин 4-пунктунда белгиленген учурларда ушул сыяктуу товарларга баа жөнүндө анын карамагында болгон маалыматтын негизинде жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларынын наркын аныктайт.

4. Жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларынын наркы жөнүндө маалымат катары бажы органы ушул сыяктуу товарларды чекене сатууну жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк уюмдардын каталогдорунда жана сайттарында көрсөтүлгөн маалыматтарды да пайдалана алат.

5. Бажылык декларациялоону жүзөгө ашыруучу жак электрондук соода товарларына декларацияда билдирилген, жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларынын наркы жөнүндө маалыматтардын аныктыгын далилдөөгө укуктуу.

(КР 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [112-9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-112-9)  
Кийинки берене: [113-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-113)
