# 111-берене. Товарларды жеке жактардын өздүк пайдалануусу үчүн өткөрүү

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам таможенного регулирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.11.2025 [Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам таможенного регулирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080); 09.08.2023 [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289610..40641>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-111>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-111.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 111-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-111

---

1. Жеке жактар тарабынан өздүк пайдалануу үчүн товарларды бажы аймагына ташып келүү жана бажы аймагынан ташып чыгуу ушул главада белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кодексинин 37-главасына, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.

Ушул главанын жоболору электрондук соода товарларына карата колдонулбайт. Электрондук соода товарларын Бирликтин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү тартибинин жана шарттарынын өзгөчөлүктөрү Кодекстин 43-1-главасында аныкталат.

2. Жеке жактар товарларды өздүк колдонуу үчүн бажы аймагына ташып келгенде кош коридор системасы колдонулат.

Товарларды өздүк пайдалануу үчүн кош коридор системасын колдонуу менен бажылык контролдоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кодекске жана Комиссиянын ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн актыларына ылайык бажы алымдарын жана салыктарын төлөбөстөн, жеке жактардын өздүк пайдаланышы үчүн товарларды ташып келүүнүн катаалыраак нарктык, салмактык жана сандык нормаларын белгилөөгө укуктуу.

4. Бажы органдары жеке жактардын товарларды өткөрүүсүнүн эрежелери жөнүндө маалыматтын жетимдүүлүгүн камсыз кылат, анын ичинде транспорттук жана туристтик уюмдарда мамлекеттик, расмий жана чет тилдерде жазылган маалымдамаларды таратуу жолу менен, ошондой эле жеке жактар өткөрүүчү товарларга карата бажы операциялары жүргүзүлүүчү жерлерде маалыматтык такталарды жабдуу жолу менен камсыз кылат.

5. Өздүк пайдалануу үчүн товарларга карата бажы алымдарын, салыктарын төлөөгө негиз болуучу бажылык кириштөө ордеринин бланктары так отчёттуулук бланктары болуп саналат.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172, 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 253 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [110-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-110)  
Кийинки берене: [112-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-112)
