# 11-берене. Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүчү жерлер

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам таможенного регулирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.11.2025 [Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам таможенного регулирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080); 09.08.2023 [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289610..40641>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 11-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-11

---

1. Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарда жүзөгө ашырылат.

Товарлардын айрым категориялары бажы чек арасы аркылуу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган өткөрмө пункттарында гана өткөрүлүшү мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүнүн башка жерлерин белгилеши мүмкүн.

Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөн башка жерлердеги бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү учурлары жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жерлерден башка жерлерде өткөрүлүшү мүмкүн болгон товарлардын айрым категориялары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. Ушул берененин жоболору куурдук транспорт жана электр өткөрүү линиялары аркылуу өткөрүлүүчү товарларды бажы чек арасы аркылуу өткөрүүдө колдонулбайт.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172, 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 253 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-12)
