# 109-берене. Шарттуу чыгарып берилген товарлар

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-109>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-109.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 109-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-109

---

1. Кодекстин 126-беренесинде көрсөтүлгөн товарлар шарттуу чыгарып берилген деп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан шарттуу чыгарып берилген товарларга киргизүүнүн башка учурлары жана тартиби белгилениши мүмкүн.

2. Эгерде товарларды чыгарып берүүдө, лицензиялар менен уруксаттарды кошпогондо, сертификаттар же чектөөлөр сакталгандыгын ырастоочу башка документтер бажы органына берилбесе, декларанттын жазуу жүзүндөгү же электрондук формадагы жүйөлөнгөн кайрылуусу боюнча бажы органдары мындай документтерди аларды алуу үчүн зарыл болгон мөөнөттүн ичинде тапшырууга жазуу жүзүндө же электрондук формада уруксат берет, бул мөөнөт, эгерде жогоруда аталган документтерди алуу үчүн зарыл болгон башка мөөнөт белгиленбесе, товарлар чыгарып берилгенден кийин кырк беш жумушчу күндөн ашпоого тийиш. Товарларды чыгарып берүү декларант документтерди белгиленген мөөнөттө берүү жөнүндө милдеттенмени жазуу жүзүндө же электрондук формада бергенде жүзөгө ашырылат.

Эгерде бажы декларациясы толтурууга негиз болгон лицензияларды жана уруксаттарды бажы декларациясын тапшырганда берүүгө мүмкүн болбосо, бажы органы мындай документтерди товарлар чыгарып берилгенден кийин, ушул бөлүктүн биринчи абзацында белгиленген тартипте жана мөөнөттө берүүгө уруксат берет.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товарларды үчүнчү жактарга берүүгө, анын ичинде аларды сатуу же башка ыкмаларда ээликтен ажыратуу жолу менен берүүгө тыюу салынат, ал эми мындай товарларды ташып келүүгө чектөөлөр бул товарлардын салатын жана коопсуздугун текшерүүгө байланыштуу белгиленген учурларда - аларды бардык формада пайдаланууга (иштетүүгө, керектөөгө) тыюу салынат.

4. Бажы органдары декларанттан ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген чектөөлөрдү аткаруу жөнүндө милдеттенме берүүсүн талап кылууга, документтер алынганга чейин товарлардын таңгагына, алар сакталуучу жайларга пломба жана мөөр коюуга, ошондой эле көрсөтүлгөн чектөөлөрдү сактоону камсыз кылуучу башка чараларды колдонууга укуктуу.

5. Эгерде декларант бажы органына кайрылганга чейинки бир жылдын ичинде бажы иши чөйрөсүндөгү бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган болсо, бажы органдары ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган документтерди товарлар чыгарып берилгенден кийин берүүгө уруксат берүүдөн баш тартат.

6. Бажы органы ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган документтерди товарлар чыгарылгандан кийин берүүгө уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө кайрылуу берилген күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен, баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен декларантка жазуу жүзүндө же электрондук формада маалымдайт.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [108-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-108)  
Кийинки берене: [110-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-110)
