# 104-берене. Товарларга декларация берилгенге чейин бажы операцияларын жүргүзүү жана товарларды чыгарып берүү өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-104>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-104.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 104-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-104

---

1. Ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна ылайык, товарларга декларация берилгенге чейин товарларды чыгарып берүүгө төмөнкүдөй товарлар билдирилиши мүмкүн:

1) Кодекстин 120-беренесинин 1-пунктунун 1 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөндөр;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында ташып келингендер.

2. Бажы алымдарын, салыктарын, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттердин аткарылышын камсыздоону берүү төмөнкүлөргө карата талап кылынбайт:

1) табигый кырсыктардын, табигый жана техногендик мүнөздөгү чукул кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон товарларга;

2) тынчтыкты сактоо же болбосо машыгууларды өткөрүү үчүн акцияларды аткарууга зарыл болгон аскердик багыттагы продукцияларга;

3) гуманитардык жана техникалык жардамга;

4) мүчө-мамлекеттердин валюталарына, мүчө-мамлекеттердин улуттук (борбордук) банктары жана алардын филиалдары тарабынан ташып келинген чет өлкөлүк валютага, башка валюталык баалуулуктарга, асыл металлдарга, анын ичинде алтынга;

5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу учурларда башка товарларга.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [103-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-103)  
Кийинки берене: [105-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-105)
