# 102-берене. Товарларды чыгарып берүү жөнүндө жана товарларды чыгарып берүүгө жана аны жокко чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү тартиби тууралуу жалпы жоболор

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-102>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-102.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 102-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-102

---

1. Товарларды чыгарып берүү Кодекстин 18-главасына ылайык бажы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети товарларды ташып келинген жеринен чыгарып берүүгө байланышкан бажы операцияларын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрүн белгилеши мүмкүн.

3. Комиссия тарабынан каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети товарларды чыгарып берүү декларанттын жүйөлөнгөн кайрылуусу боюнча бажы органы тарабынан жокко чыгарыла турган учурларды жана шарттарды, ошондой эле товарларды чыгарып берүүнү жокко чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү тартибин аныктайт.

4. Декларанттын кайрылуусу боюнча бажы органы тарабынан коммерциялык, транспорттук (ташуучулук) документтерге товарларды чыгарып берүү жөнүндө белгилер же болбосо товарларды чыгарып берүү жөнүндө белги коюлган коммерциялык, транспорттук (ташуучулук) документтерге товарларды чыгарылышын жокко чыгаруу жөнүндө белгилер коюлушу мүмкүн.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [101-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-101)  
Кийинки берене: [103-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-103)
