# 101-берене. Товарларды алдын ала, толук эмес, мезгилдүү бажылык декларациялоонун жана кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү, анын ичинде комплекттелбеген же бүтүрүлбөгөн түрдөгү товарларды декларациялоонун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-101>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-101.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 101-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-101

---

1. Алдын ала бажылык декларациялоо, толук эмес бажылык декларациялоо, мезгилдүү бажылык декларациялоо, ошондой эле кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү, анын ичинде комплекттелбеген же бүтүрүлбөгөн түрдөгү товарларды декларациялоо Кодекстин 114-117-беренелерине ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Алдын ала бажылык декларациялоонун, толук эмес бажылык декларациялоонун, мезгилдүү бажылык декларациялоо, ошондой эле кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү, анын ичинде комплекттелбеген же бүтүрүлбөгөн түрдөгү товарларды декларациялоонун Кодекс менен жөнгө салынбаган өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. Ушул берененин жоболору колдонулбаган товарлардын категориялары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталышы мүмкүн.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [100-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-100)  
Кийинки берене: [102-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-102)
