# 100-берене. Берилген бажы декларациясын каттоого, каттоодон баш тартууга же болбосо чакыртып алууга байланышкан бажы операциялары жана аларды жүргүзүү тартиби

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-100>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-100.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 100-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-100

---

1. Бажы декларациясын каттоого же каттоодон баш тартууга байланышкан бажы операциялары бажы декларациясы берилген учурдан тартып бажы органы тарабынан бажы органынын жумуш убактысындагы бир сааттан кечиктирбестен жүргүзүлөт.

2. Бажы органдары бажы декларациясын каттоодон Кодекстин 111-беренесинин 5-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча баш тартат.

3. Бажы органдары пайдалануучу маалыматтык системалар байланыш каражаттарынын (телекоммуникациялык тармактардын жана Интернет тармагынын) ишиндеги техникалык үзгүлтүктөрдөн, бузулуулардан, электр энергиясынын өчүп калуусунан улам иштебей калган учурда бажы органы каттоодон баш тартууга негиз болбогондо берилген бажы декларациясын маалыматтык системаны пайдаланбастан кагаз түрүндө каттайт.

Бажы органдары пайдалануучу маалыматтык системалар иштебей калганда, бажы декларациясын каттоого же болбосо мындай каттоодон баш тартууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү тартибинин өзгөчөлүктөрү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.

4. Ушул Мыйзамдын 98-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн товарларга берилген бажы декларациясын чакыртып алуунун Кодекстин 113-беренесинде каралгандан башка шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилениши мүмкүн.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [99-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-99)  
Кийинки берене: [101-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-101)
