# КР 2019-жылдын 8-майындагы № 58 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 8-майындагы № 58 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111903>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2706/edition/946819/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111903.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2019-жылдын 8-майындагы № 58 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамы (08.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111903

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 8-майы № 58 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

2019-жылдын 4-апрелинде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111903/st-1)

"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 761-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

## 7-глава төмөнкүдөй мазмундагы 39-2-берене менен толукталсын:

"39-2-берене. Камакка алынган баалуу кагаздарды жоюу, алар боюнча кирешелерди төлөө, аларды конвертациялоо, алмаштыруу боюнча аракеттерди же алар менен башка аракеттерди жасоонун тартибин аныктоо

1. Баалуу кагаздарды камакка алууда аларды конвертациялоо, алмаштыруу, жоюу жана алар менен башка аракеттер камакка алуу жөнүндө чечим жокко чыгарылганга чейин токтотулуп турат.

2. Эгерде баалуу кагаздар камакка алынганда, шектүү, айыпталуучу баалуу кагаздардын менчик ээси болгон учурда, менчик ээсине кирешелерди төлөө камакка алуу жөнүндө чечим жокко чыгарылганга чейин токтотулуп турат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111903/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 14-майындагы N 39 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С. Жээнбеков
