# 2-берене

- Документ: [Пробация институтун киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111902)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 56 "Пробация институтун киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 56
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111902/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2705/edition/1097235/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111902/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Пробация институтун киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111902/st-2

---

"Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү абзац менен толукталсын:

"- коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жазыктык жазалар жана жазыктык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чаралары колдонулган адамдар (мындан ары - пробация клиенттери);";

2) 7-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:

"- "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинде белгиленген реабилитациялык борборлор (социалдык жатаканалар);";

3) 11-статьянын 1-бөлүгүнүн сегизинчи абзацы "зомбулукка дуушар болгондор" деген сөздөрдөн кийин ", пробация клиенттери" деген сөздөр менен толукталсын;

4) 18-статьянын 1-бөлүгү "жашы жете элек укук бузуучуларга," деген сөздөрдөн кийин "пробация клиенттерине," деген сөздөр менен толукталсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111902/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111902/st-3)
