# КР 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 56 "Пробация институтун киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 56 "Пробация институтун киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 56
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111902>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2705/edition/1097235/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111902.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 56 "Пробация институтун киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111902

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 24-апрели № 56 Пробация институтун киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111902/st-1)

Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2711-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 88-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-пункт менен толукталсын:

"12-1) пробация чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын;";

2) 90-берене төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

"жашы жетпегенге карата пробациялык баяндама даярдоонун;".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111902/st-2)

"Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү абзац менен толукталсын:

"- коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жазыктык жазалар жана жазыктык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чаралары колдонулган адамдар (мындан ары - пробация клиенттери);";

2) 7-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:

"- "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинде белгиленген реабилитациялык борборлор (социалдык жатаканалар);";

3) 11-статьянын 1-бөлүгүнүн сегизинчи абзацы "зомбулукка дуушар болгондор" деген сөздөрдөн кийин ", пробация клиенттери" деген сөздөр менен толукталсын;

4) 18-статьянын 1-бөлүгү "жашы жете элек укук бузуучуларга," деген сөздөрдөн кийин "пробация клиенттерине," деген сөздөр менен толукталсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111902/st-3)

Внести в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении" (Ведомости Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, 2011 г., № 7, ст.1004) следующее изменение: часть 6 статьи 20 дополнить пунктом 17-2 следующего содержания: "17-2) содействие органам пробации в решении текущих задач и выполнении конкретных мероприятий пробации;".

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111902/st-4)

(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111902/st-5)

"Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1017-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 11-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын: "4-1) пробация клиенттери;".

### [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111902/st-6)

"Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 297-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы 16-1-пункт менен толукталсын: "16-1) пробация;".

### [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111902/st-7)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 26-апрелинде N 32 жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С. Жээнбеков

2019-жылдын 20-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
