# КР 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 54 "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 54 "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111900>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2703/edition/944472/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111900.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 54 "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы (24.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111900

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 24-апрели № 54 "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2019-жылдын 20-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111900/st-1)

"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 448-ст.) төмөнкудей өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 11-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Лицензия жана уруксат берүү тартиби жана шарттары "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.";

2) 14-статьянын 2-бөлүгүндө "ушул Мыйзамдын 11-статьясы тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 15-статьяда:

а) 2-бөлүгүндө "ушул Мыйзамдын 11-статьясы тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 10-бөлүгүндө "ушул Мыйзамдын 11-статьясында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) 11-бөлүгүндө "ушул Мыйзамдын 11-статьясындагы талаптарга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 17-статьянын 5-бөлүгүндө "лицензиялар" деген сөз "уруксаттар" деген сөзгө алмаштырылсын; "ушул Мыйзамдын 11-статьясында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 29-1-статья менен толукталсын:

"29-1-статья. Куралды жана ок-дарыларды өз ыктыяры менен тапшыруу Кыргыз Республикасынын жарандары, чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар таап алган же аларда мыйзамсыз сакталган куралды жана ок-дарыларды акы төлөнгөн же акысыз негизде өз ыктыяры менен тапшыра алышат. Ыктыярдуу тапшыруу деп адамдын куралды жана ок-дарыларды өз эрки менен берүүсүн же алардын турган жери жөнүндө ички иштер органдарына билдирүүсүн түшүнүү керек. Адамды кармоодо, ошондой эле куралды жана ок-дарыларды табуу жана алып коюу боюнча тергөө аракеттерин жүргүзүүдө аларды алып коюу аларды ыктыярдуу тапшыруу деп таанылбайт. Куралды жана ок-дарыларды ыктыярдуу тапшыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111900/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 26-апрелинде N 32 жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С. Жээнбеков
