# КР 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 53 "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 53 "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111899>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2702/edition/944470/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111899.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 53 "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111899

---

КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 24-апрели № 53 "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2019-жылдын 13-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111899/st-1)

"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 758-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 11-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Сымап камтылган медициналык буюмдар менен иштөө жана колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";

2) 13-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"Медициналык калдыктарды колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111899/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 26-апрелинде N 32 жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С. Жээнбеков
