# 1-берене

- Документ: [Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111894)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 26-февралындагы № 31 "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 26.02.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111894/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2697/edition/942352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111894/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111894/st-1

---

"Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 315-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статьяда:

а) үчүнчү абзацы алып салынсын;

б) алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"кургак учукка каршы жардам - кургак учук менен ооругандарды аныктоого, изилдөөгө, дарылоого, байкоого жана реабилитациялоого багытталган жана амбулатордук же стационардык шарттарда медициналык жардам көрсөтүүдө жүргүзүлүүчү социалдык, медициналык, санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чаралардын жыйындысы;";

в) статья төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

"кургак учук - кургак учуктун микобактериясы козгоочу жугуштуу оору.";

2) 2-статьяда:

а) 1-бөлүгүндө "жана башка ченемдик укуктук актыларда" деген сөздөр ", саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 2-бөлүгүндө ", жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарынын алкактарында" деген сөздөр алып салынсын;

в) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын кургак учукка каршы уюмдарына пландуу медициналык жардам сурап кайрылган чет өлкөлүк жарандарды изилдөө жана дарылоо жарандардын ден соолугун сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.";

3) 3 жана 4-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3-статья. Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналган эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине негизделген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден, ошондой эле ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын жарандардын ден соолугун сактоо чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларынан турат.

---

Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111894/st-4)
