# КР 2019-жылдын 12-апрелиндеги № 46 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 12-апрелиндеги № 46 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 46
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111891>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2694/edition/1120274/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111891.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2019-жылдын 12-апрелиндеги № 46 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111891

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 12-апрели № 46 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

2019-жылдын 7-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111891/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 207-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Банк же кепилдик фонду тарабынан резервге потенциалдуу кредиттик, кепилдик жана лизингдик коромжулуктарды жана зыяндарды жабууга жиберилүүчү, берилген банктык кредиттерди жана аларга теңештирилген активдерди, анын ичинде кепилдик фонддор берген кепилдиктерди камсыз кылуу максаты үчүн гана пайдаланылуучу сумма жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салууга жатат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111891/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 16-апрелинде N 29 жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С. Жээнбеков
