# 8-берене. Кепилдик фонддордун филиалдары жана өкүлчүлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111890)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 12-апрелиндеги № 45 "Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111890/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2693/edition/1180762/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111890/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө, 8-берене (27.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111890/st-8

---

1. Юридикалык жак болуп саналбаган, кепилдик фонд турган жерден тышкары жайгашкан жана операциялардын бүгүндөй жана/же бир бөлүгүн кепилдик фонд бекиткен жобонун негизинде жүзөгө ашырган жана ага кепилдик фонд берген ыйгарым укуктардын чегинде аракеттенген анын обочолонгон бөлүмчөсү кепилдик фондунун филиалы болуп саналат.

Филиалдын кепилдик фонд менен бирдиктүү уставдык капиталы, балансы, ошондой эле кепилдик фонддун аталышына толук дал келген жана "филиалы" деген сөз кошулган аталышы болот.

2. Юридикалык жак болуп саналбаган, кепилдик фонддун кызыкчылыктарын коргоону жана билдирүүнү жүзөгө ашырган, кепилдиктерди берүүнү кошпогондо, анын атынан бүтүм жана башка юридикалык иш-аракеттерди жасаган анын обочолонгон бөлүмчөсү кепилдик фонддун өкүлчүлүгү болуп саналат.

3. Кепилдик фонддордун филиалдарынын жана/же өкүлчүлүктөрүнүн иш-аракеттери кепилдик фонддордун иш-аракеттери катары каралат, болгондо да аларды түзгөн кепилдик фонд филиалдардын жана/же өкүлчүлүктөрдүн иш-аракеттерине толук жоопкерчиликти тартат.

4. Кепилдик фонддордун филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн ачуу тартиби Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111890/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111890/st-9)
