# 6-берене. Кепилдик фонддун башкаруу органдары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111890)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 12-апрелиндеги № 45 "Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2022 года № 86 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гарантийных фондах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112422)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111890#diff=1180762..1180763>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111890/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2693/edition/1180762/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111890/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө, 6-берене (27.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111890/st-6

---

1. Кепилдик фонддор ушул Мыйзамда каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкүдөй башкаруу органдарын түзөт:

1) акционерлердин жалпы чогулушу - фондду башкаруунун жогорку органы;

2) директорлор кеңеши - акционерлердин жалпы чогулуштарынын аралыгындагы мезгилде коомго жалпы жетекчиликти жүзөгө ашыруучу фонддун башкаруу органы. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана фонддун уставында каралган тартипте 5 жылдан ашпаган мөөнөткө шайланат;

3) башкарма - фонддун учурдагы ишин жетектөөнү жүзөгө ашыруучу орган. Башкарманын мүчөлөрү директорлор кеңеши тарабынан "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана фонддун уставында каралган тартипте 5 жылдан ашпаган мөөнөткө шайланат;

4) текшерүү комиссиясы - фонддун финансылык-чарбалык ишине контролду жүзөгө ашыруучу контролдук орган. "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык шайланат.

2. Кепилдик фонддордун башкаруу органдарынын иши, укуктук статусу жана компетенциясы Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында, кепилдик фонддун уставында жана ички ченемдик документтеринде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

3. Улуттук банк кепилдик фонддорундагы милдеттүү комитеттердин жана кызматтардын иши боюнча талаптарды белгилейт.

(КР 2022-жылдын 5-августундагы № 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111890/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111890/st-7)
