4-берене. Кепилдик фонддорду түзүү
Күчүндө · 27.01.2025 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 27 января 2025 года № 29
1. Кепилдик фонддор ушул Мыйзамдын талаптарын сактоо менен жеке жана юридикалык жактар тарабынан түзүлүшү мүмкүн.
Төмөнкүлөр кепилдик фонддордун катышуучулары боло алышпайт:
1) оффшордук зоналардын аймактарында жашаган жана/же катталган, же болбосо алардын тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталуучу оффшордук зоналарда аффилирленген жактардын катышуучулары катары катталган жеке адамдар жана юридикалык жактар.
Аффилирленген жактар катары төмөнкүлөр таанылат: юридикалык жактын олуттуу катышуучулары; бир эле юридикалык жак олуттуу катышуучу болуп саналган юридикалык жактар;
2) аларга карата БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган эл аралык санкциялар бар жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле аталган жактар менен укуктук мамилелерге тыюу салган жана Кыргыз Республикасы үчүн милдеттүү болгон аларга карата БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган эл аралык санкциялар бар мамлекеттерде катталган жеке жана юридикалык жактар;
3) өзүнүн иши, финансылык абалы, катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматтарды, юридикалык жактын катышуучуларын, анын ичинде бенефициардык менчик ээлерин так идентификациялоого жана изилдөөгө мүмкүндүк берген ар кандай башка маалыматтарды жана документтерди белгиленген тартипте бербеген, же болбосо юридикалык жактын катышуучуларын, анын ичинде бенефициардык менчик ээлерин, ошондой эле эгерде алар банк мыйзамдарына ылайык өзүнүн кынтыксыз ишкердик беделин тастыктай албаган учурда, так идентификациялоого жана изилдөөгө мүмкүндүк бербеген маалыматтарды берген жеке жана юридикалык жактар;
4) кепилдик фонддун акцияларын сатып алууга багытталган акча каражаттарынын келип чыгуусунун мыйзамдуу булактарын Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте тастыктай албаган жеке жана юридикалык жактар;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же болбосо чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык тыюу салынган же чектөө киргизилген жеке жана юридикалык жактар.
2. Кепилдик фонддор ишин жүзөгө ашыруу үчүн Улуттук банкта эсептик каттоонун жол-жобосунан өтүүгө милдеттүү. Кепилдик фонддордун эсептик каттоодон өтүү тартиби, эсептик каттоодон баш тартуу үчүн негиздер Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
3. Кепилдик фонддордун кызмат орундарына талапкерлер Улуттук банкта макулдашуу жол-жобосунан өтүшөт. Кепилдик фонддордун кызмат адамдарына талапкерлерди макулдашуу жана макулдашуудан баш тартуу тартиби Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
4. Кепилдик фонддор уставдын негизинде иштешет, анда кызмат көрсөтүүлөрдүн/бүтүмдөрдүн тизмеги камтылууга жана ал Улуттук банк белгилеген талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Кепилдик фонддордун ишинин негизги түрү кардарлардын милдеттенмелери боюнча кепилдиктерди берүү болуп саналат.
Кепилдик фонддоруна Улуттук банктагы эсептик каттоосуз иштөөгө тыюу салынат.
5. (КР 2022-жылдын 5-августундагы № 86 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Ушул Мыйзамда каралган талаптарга жооп бербеген юридикалык жактар кепилдик иш менен алектенүүгө укуксуз.
(КР 2022-жылдын 5-августундагы № 86, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 27-январындагы № 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 27.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 27 января 2025 года № 29 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гарантийных фондах в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 5 августа 2022 года № 86 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гарантийных фондах в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
27.01.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана юридикалык жактар;
4) кепилдик фонддун акцияларын сатып алууга алынып салынды: же кепилдик фонддун капиталына катышууга багытталган акча каражаттарынын келип чыгуусунун мыйзамдуу булактарын … 2022-жылдын 5-августундагы № 86, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № алынып салынды: 78 кошулду: 78, 2025-жылдын 27-январындагы № 29 Мыйзамдарынын алынып салынды: редакциясына кошулду: редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111890/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>