# 17-берене. Кепилдик фонддорду эсепке алуу жана отчеттуулук

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111890)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 12-апрелиндеги № 45 "Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111890/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2693/edition/1180762/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111890/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө, 17-берене (27.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111890/st-17

---

1. Кепилдик фонд Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө мыйзамдарына, финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына жана кепилдик фондду эсепке алуу саясатына ылайык эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзүүгө милдеттүү.

2. Кепилдик фонддун эсепке алуу саясаты бухгалтердик эсепке алуунун жалпы принциптерин, бухгалтердик эсепке алууну уюштуруу методдорун жана эрежелерин өзүнө камтууга тийиш. Эгерде финансылык топко көзөмөлдөө жүзөгө ашырылса, кепилдик фонд Улуттук банктын талаптарын эске алуу менен топтун жалпы (консолидацияланган) эсепке алуу саясатын түзүүгө тийиш. Улуттук банк консолидацияланган көзөмөлдөөнүн жана отчеттуулуктун талаптарын колдонбой коюу учурларын белгилөөгө укуктуу.

3. Кепилдик фонд бухгалтердик эсепке алууда жана отчеттуулукту түзүүдө колдонулуучу документтердин сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.

4. Сакталууга тийиш болгон негизги документтердин тизмеги жана аларды сактоо мөөнөтү Кыргыз Республикасынын архив иши жөнүндө мыйзамдарында белгиленет.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111890/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111890/st-18)
