# 15-берене. Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111890)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 12-апрелиндеги № 45 "Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2022 года № 86 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гарантийных фондах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112422)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111890#diff=1180762..1180763>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111890/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2693/edition/1180762/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111890/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө, 15-берене (27.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111890/st-15

---

1. Улуттук банк кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.

2. Улуттук банк кепилдик фонддорду каттоо, кепилдик фонддордун иштерин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ченемдик укуктук актыларды кабыл алат.

3. Улуттук банк кепилдик фонддордун аткаруусу үчүн милдеттүү болгон экономикалык ченемдерди, анын ичинде мультипликатордун коэффициентин белгилөөгө, кепилдик фонддордун иштерин текшерүүгө, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.

4. Экономикалык ченемдердин, талаптардын, чектөөлөрдүн түрлөрү, өлчөмдөрү жана аларды эсептөө методикалары Улуттук банк тарабынан аныкталат.

5. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптардын жана шарттардын негизинде Улуттук банк кепилдик фонддордун ишин текшерет.

6. Кепилдик фонддор, кепилдик фонддордун катышуучулары, кепилдик фонддун кызмат адамдары жана башка кызматкерлери Улуттук банктын талабы боюнча отчетторду, документтерди жана башка бардык маалыматтарды өз учурунда берүүгө милдеттүү.

7. Кепилдиктерди берүүдө кардарлар менен өз ара иш алып баруунун алкагында кепилдик фонд тарабынан же кардар менен кепилдик фонддун өз ара мамилесине байланышкан башка жол менен алынган же болбосо кепилдик фонд тарабынан түзүлгөн ар кандай маалыматтар банктык сырга тийиштүү маалымат болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

(КР 2022-жылдын 5-августундагы № 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111890/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111890/st-16)
