14-берене. Кепилдик фонддун жоопкерчилиги
Күчүндө · 27.01.2025 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 27 января 2025 года № 29
1. Кардардын милдеттенмелеринин кепилдик менен камсыздалган бөлүгүн аткарбаганы же талаптагыдай аткарбаганы үчүн кепилдик фонддун жоопкерчилиги кепилдиктерди берүү саясаты жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык финансы-насыялык уюмдар менен/эл аралык финансылык уюмдар менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу менен аныкталат.
2. Кепилдик фонд пайыздарды, үстөк айыпты, айып пулду, туумду, комиссияларды төлөө бөлүгүндө каржылоо боюнча кардарлардын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылбайт.
3. Кардардын милдеттенмелеринин аткарылышы боюнча кепилдик фонддун милдети кардар каржылоонун кайтарып берүү мөөнөттөрүн бузган учурда келип чыгат.
Кепилдик фонддун ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн милдети кепилдиктерди берүү саясатында каралган, карызды өндүрүп алуу боюнча зарыл чаралардын финансы-насыялык уюм/эл аралык финансылык уюм тарабынан ишке ашырылгандыгын тастыктаган, кепилдиктерди берүү саясатында каралган тиешелүү документтердин топтомун финансы-насыялык уюм/эл аралык финансылык уюм бергенден кийин келип чыгат.
4. Тизмеги кепилдиктерди берүү саясатында аныкталган карызды өндүрүп алуу боюнча зарыл чаралардын финансы-насыялык уюм/эл аралык финансылык уюм тарабынан ишке ашырылуусу боюнча документтердин толук топтому берилгенден кийин кепилдик фонд финансы-насыялык уюм/эл аралык финансылык уюм менен кызматташуу тууралуу түзүлгөн макулдашуунун тартибинде жана шарттарында кепилдиктер боюнча талапты аткарат.
5. Ушул беренеде каралган талаптар кепилдик фонд тарабынан аткарылган учурдан тартып Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык аткарылган милдеттенмелердин көлөмүндө каржылоо келишими боюнча финансы-насыялык уюмга/эл аралык финансылык уюмга кепилдик фонд тарабынан төлөнүп берилген сумманы кайтаруу боюнча peгpecc тартибинде кардардан талап кылуу укугуна ээ болот.
6. Карызкор кардарга карата регресстик талаптарды канааттандырууда кепилдик фонд тарабынан алынган каражаттар кепилдик фонддун тескөөсүндө калат жана кепилдик фондду өнүктүрүүгө багытталат.
(КР 2022-жылдын 5-августундагы № 86, 2025-жылдын 27-январындагы № 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 27.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 27 января 2025 года № 29 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гарантийных фондах в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 5 августа 2022 года № 86 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гарантийных фондах в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111890/st-14" title="14-берене - Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>