# 13-берене. Кепилдиктерди берүүнүн негизги шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111890)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 12-апрелиндеги № 45 "Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 января 2025 года № 29 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гарантийных фондах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021352)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.01.2025 [Закон КР от 27 января 2025 года № 29 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гарантийных фондах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021352); 05.08.2022 [Закон КР от 5 августа 2022 года № 86 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гарантийных фондах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112422)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111890#diff=8016..26453>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111890/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2693/edition/1180762/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111890/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө, 13-берене (27.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111890/st-13

---

1. Кепилдиктерди берүү тууралуу түзүлгөн келишимдер жана/же макулдашуулар боюнча кепилдик фонддун жоопкерчилик көлөмү кардардын финансы-насыялык уюмдун/эл аралык финансылык уюмдун алдындагы негизги милдеттенмелердин (каржылоонун негизги суммасынын) көлөмүнүн 50 пайызынан ашпоого тийиш.

2. Бир адамга же байланышы бар жактардын тобуна кепилдиктин максималдуу өлчөмү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат.

3. Кепилдиктерди берүүнүн шарттары жана механизми фонддун уставында каралган кепилдик фонддун тиешелүү ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат.

4. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларды эске албаганда, кепилдиктер Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана берилет.

5. Мультипликатор коэффициенти Улуттук банк тарабынан белгиленет.

(КР 2022-жылдын 5-августундагы № 86, 2025-жылдын 27-январындагы № 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111890/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111890/st-14)
