# 11-берене. Кепилдик фонддун уставдык капиталы

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111890)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 12-апрелиндеги № 45 "Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111890/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2693/edition/1180762/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111890/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө, 11-берене (27.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111890/st-11

---

1. Кепилдик фонддун уставдык капиталынын минималдык өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленет.

2. Кепилдик фонддун уставдык капиталында жеке жана юридикалык жактардын ар биринин катышуудагы үлүшү чектелбейт.

3. Кепилдик фонддун уставдык капиталын түзүү акчалай түрдө жүзөгө ашырылат. Уставдык капиталдын курамына кепилдик фонддун катышуучулары салган акча каражаттарын кепилдик фонд кайтарып берүүсү боюнча милдеттенмеси болбогон уставдык капитал гана кирет.

4. Кепилдик фонддун уставдык капиталына кепилдик фонддун катышуучулары салган каражаттарын аларга тиешелүү акцияларды сатуу аркылуу гана ала алышат.

5. Улуттук банк кепилдик фондго дивиденддерди төлөөгө чектөө киргизүүгө же тыюу салууга укуктуу. Дивиденддерди төлөөгө чектөө киргизүү же тыюу салуу тартиби жана негизи Улуттук банк тарабынан белгиленет.

6. Кепилдик фонддун уставдык капиталы жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан, ыктыярдуу төгүмдөрдөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка булактардан түзүлүшү мүмкүн.

7. Уставдык капиталды түзүү тартиби Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111890/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111890/st-12)
