Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене
Күчүн жоготкон · 27.06.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 июня 2025 года № 129.
Кыргыз Республикасынын "Суу жөнүндөгү" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 2, 64-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 35-беренедеги "сууларды пайдаланууга укук берген лицензияларда белгиленген" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 39-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Суу объектилерин жана суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнү аныктоонун жана алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
3) 41-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөдөн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жаратылыш коруктары, ботаникалык бактар, заказниктер, жаратылыш эстеликтери, дендрологиялык парктар жана зоологиялык парктар, маданият, илим, билим берүү, саламаттык сактоо мекемелери жана башка мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу мекемелер менен уюмдар бошотулат. Суу пайдалануучулар жаратылыш ресурсу катары жер үстүндөгү сууларды пайдалангандыгы үчүн төлөмдөн бошотулат:
- кайра жаралуучу энергияны кошуп алганда, сууну электр энергиясын иштеп чыгаруу максатында пайдаланууда;
- сууну айыл чарба өндүрүшүн, токой чарбасын, бак-дарактарды сугаруу, белгиленген лимиттин чектеринде балык көбөйтүү жана өстүрүү максатында пайдаланууда;
- сууну үй жаныбарларын жана короо-жай участогун сугаруу үчүн пайдаланууда;
- сууну ичүү жана чарбалык-тиричиликтик керектөөлөр үчүн пайдаланууда;
- калктын ичүү муктаждыктары үчүн суу алууну жүзөгө ашырууда;
- сууну санитардык жана экологиялык коё берүүлөрдө;
- сууну спорттук жана ден соолукту чыңдоо максатында, эс алуу жана ышкыбоздук балык уулоо үчүн пайдаланууда;
- суу объектилерине жана башка жаратылыш ресурстарына мамлекеттик мониторинг жүргүзүүдө, ошондой эле геодезиялык, топографиялык, гидрографикалык жана издөө-тартуу жумуштарында;
- гидроэнергетикалык, мелиорациялык, балык чарбалык, суу-транспорттук жана канализация багытындагы гидротехникалык курулмаларды жайгаштырууда жана курууда;
- мамлекеттин коргонуу жана коопсуздук муктаждыктарын камсыз кылууда.".
Берененин тексти 27.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Суу жөнүндөгүЗакон · 14.01.1994 · № 1422-XII · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111889/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Суу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>