# КР 2019-жылдын 5-апрелиндеги № 43 "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 5-апрелиндеги № 43 "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 05.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111888>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2691/edition/938968/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111888.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2019-жылдын 5-апрелиндеги № 43 "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы (05.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111888

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 5-апрели № 43 "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2019-жылдын 28-февралында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111888/st-1)

"Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2732-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-беренеде "2020" деген цифралар "2025" деген цифраларга алмаштырылсын;

2) Мыйзамдын тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 46-52-пункттар менен толукталсын:

"46. Черногория

47. Андорра Княздыгы

48. Аргентина Республикасы

49. Бразилия Федеративдүү Республикасы

50. Сан-Марино Республикасы

51. Чили Республикасы

52. Оман Султанаты".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111888/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 9-апрелиндеги N 26-27 жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С. Жээнбеков
