33-3-статья. Квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддордун акцияларын (үлүштөрүн) жүгүртүүнүн өзгөчөлүктөрү
Күчүндө · 29.03.2019 редакциясы
1. Квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддордун акцияларын (үлүштөрүн) мураска алуу, ошондой эле жубайлар ажырашканда бирге топтогон мүлктү бөлүштүрүүнүн натыйжасында, жоюлган уюмдун мүлкүн бөлүштүрүүнүн натыйжасында жана күрөө предметине өндүрүп алууну жүгүртүүнүн жүрүшүндө күрөөнүн предметин өзүнө калтырууда аларды сатып алуу чектелбейт.
2. Эгерде инвестор квалификациялуу инвестор болуп саналбаган же болбосо квалификациялуу инвестордун статусун жоготкон учурда, акционердик инвестициялык фонд (үлүштүк инвестициялык фондду башкаруучу компания) мындай инвесторго таандык болгон (же анын пайдасына ишенимдүү башкарууда турган) квалификациялуу инвесторлор үчүн арналган акциялар (үлүштөр) менен аларды тындыруу же квалификациялуу инвесторго ажыратып берүү боюнча гана операцияларды өткөрүүгө укуктуу.
3. Квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддордун акцияларын (үлүштөрүн) Кыргыз Республикасынын резиденттери тарабынан фонддук биржада сатып алуу Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары аркылуу гана жүзөгө ашырылат.".
Берененин тексти 29.03.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
33-3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111886/st-33-3" title="33-3-статья - Инвестициялык фонддордун ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>