# 6-берене

- Документ: [Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 29-мартындагы № 40 "Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 29.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111884/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2687/edition/1290013/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111884/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 6-берене (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111884/st-6

---

"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 9, 407-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 29-статьяда:

а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш болгон продукцияны товарды ээликтен ажыратуу же аны Кыргыз Республикасынын аймагында өз арналышына ылайык пайдалануу мүмкүндүгү каралган бажы жол-жоболорунун астында жайгаштыруу үчүн, бажы органдарына бажы декларациясы менен бирдикте, ушул Мыйзамдын 30-статьясына ылайык таанылган шайкештик сертификаты же шайкештик жөнүндө декларация берилет.";

б) 2-пунктта "бажы аймагынан" деген сөздөр "аймагынан" деген сөзгө алмаштырылсын;

в) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш болгон жана ушул статьянын 1 жана 2-пункттарынын жоболоруна ылайык аныкталуучу, Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирилүүчү жана ээликтен ажыратуу мүмкүндүгү каралбаган бажы жол-жоболорунун астында жайгаштырылуучу продукция ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн шайкештик жөнүндө документтер берилбестен Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан чыгарылып берилет.".

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111884/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111884/st-7)
