6-берене
Күчүндө · 06.03.2024 редакциясы
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 9, 407-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 29-статьяда:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш болгон продукцияны товарды ээликтен ажыратуу же аны Кыргыз Республикасынын аймагында өз арналышына ылайык пайдалануу мүмкүндүгү каралган бажы жол-жоболорунун астында жайгаштыруу үчүн, бажы органдарына бажы декларациясы менен бирдикте, ушул Мыйзамдын 30-статьясына ылайык таанылган шайкештик сертификаты же шайкештик жөнүндө декларация берилет.";
б) 2-пунктта "бажы аймагынан" деген сөздөр "аймагынан" деген сөзгө алмаштырылсын;
в) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш болгон жана ушул статьянын 1 жана 2-пункттарынын жоболоруна ылайык аныкталуучу, Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирилүүчү жана ээликтен ажыратуу мүмкүндүгү каралбаган бажы жол-жоболорунун астында жайгаштырылуучу продукция ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн шайкештик жөнүндө документтер берилбестен Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан чыгарылып берилет.".
Берененин тексти 06.03.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111884/st-6" title="6-берене - Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>