# 14-берене

- Документ: [Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 29-мартындагы № 40 "Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 29.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111884/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2687/edition/1290013/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111884/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 14-берене (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111884/st-14

---

"Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 11, 939-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1)13-беренеде:

а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын аймагын ветеринардык-санитардык коргоо мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрмө пункттарда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бажылык жол-жоболоштуруу орундарында уюштурулат.";

б) 3-бөлүктө "жана терминалдардын" деген сөздөр алып салынсын;

в) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлгө алынуучу товарларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү алар милдеттүү ветеринардык контролдон өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик ветеринардык инспекторунун уруксаты боюнча жүзөгө ашырылат.";

г) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Ветеринардык көзөмөлгө алынуучу товарлардын тизмеги Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык белгиленет.".

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111884/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111884/st-15)
