# 13-берене

- Документ: [Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 29-мартындагы № 40 "Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 29.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111884/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2687/edition/1290013/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111884/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 13-берене (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111884/st-13

---

"Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 1, 6-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-беренеде:

а) "Кыргыз Республикасында" деген сөздөр "1. Кыргыз Республикасында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"2. Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 455-беренесинде белгиленген эркин бажы зонасы бажы жол-жобосунун өзгөчөлүктөрүн колдонуу максаттары үчүн Кыргыз Республикасында "Нарын" ЭЭЗ аныкталсын.";

2) 6-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Аймактын периметрин тосмолоого жана видео байкоо системасы менен жабдууга карата талаптарды кошуп алганда, ЭЭЗ аймагын ыңгайлаштырууга карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. ЭЭЗ аймагында контролдоо-өткөрүү режимин камсыз кылууга карата талаптар, анын ичинде мындай аймакка адамдарды киргизүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";

3)13-беренеде:

а) 1-бөлүктө "жеңилдетилген" деген сөз "атайын" деген сөзгө алмаштырылсын;

б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Региондорду тездетип өнүктүрүү максатында түзүлгөн ЭЭЗ субъекттерине Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык төлөмдөрүн жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдү төлөө боюнча кошумча жеңилдиктер берилиши мүмкүн.".

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111884/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111884/st-14)
