# 12-берене

- Документ: [Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 29-мартындагы № 40 "Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 29.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111884/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2687/edition/1290013/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111884/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 12-берене (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111884/st-12

---

"Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 9, 856-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 6-берененин 7-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын бажы аймагында эркин жүгүртүү үчүн чыгарууга" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында ички керектөө үчүн чыгарууга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 8-берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында "жүктүн бажылык декларациясынын" деген сөздөр "товарларга декларациянын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 10-беренеде:

а) 3-5-бөлүктөрдө ар кандай жөндөмө формалардагы "бажы" деген сөз алып салынсын;

б) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Маркировкалоодо жана таңгактоодо интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдарды бузууга жол берилген алкоголдук продукцияны Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып кирүүгө тыюу салынат.".

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111884/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111884/st-13)
