# 8-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111883)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 23-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111883/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2686/edition/994595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111883/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө, 8-берене (21.01.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111883/st-8

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкү сунуштарды киргизүүгө укуктуу:

1) эгерде бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин киреше бөлүгүнүн азайышына алып келбесе, ушул Мыйзамдын 1-беренеси менен бекитилген суммалардын чегинде ушул Мыйзамдын тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана/же тескемелерине ылайык ушул Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Мыйзам долбоору киргизилгенге чейин киреше булактарын көрсөтүү менен кечиктирилгис иш-чараларды аткаруу үчүн зарыл болгон бекитилген бюджеттен тышкары кошумча каржылоо жөнүндө;

3) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгү жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети аткарылбаган учурда, Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен ассигнованиелердин көлөмүн жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшүүлөрүн азайтуу жагына өзгөртүү жөнүндө.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111883/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111883/st-9)
