# 6-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111883)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 23-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2020
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 января 2020 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О бюджете Фонда обязательного медицинского страхования при Правительстве Кыргызской Республики на 2019 год и прогнозе на 2020-2021 годы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112014)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111883#diff=994595..994596>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111883/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2686/edition/994595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111883/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө, 6-берене (21.01.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111883/st-6

---

1. Республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна өткөрүп берилүүчү ассигнованиелердин өлчөмү төмөнкү суммада белгиленсин:

1) 2019-жылга - 11129175,1 миң сом;

2) 2020-жылга божомол - 10286200,0 миң сом, 2021-жылга - 10324420,0 миң сом.

Бюджетти божомолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине республикалык бюджеттен өткөрүп берилүүчү ассигнованиелерди бекитилген жылдык көлөмдүн он экиден бир бөлүгүндө тең өлчөмдө жыл ичинде толук көлөмдө бөлүүнү камсыз кылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине өткөрүп берилүүчү каражаттардын көлөмү төмөнкү суммада белгиленсин:

1) 2019-жылга - 2388285,3 миң сом;

2) 2020-жылга божомол - 2505432,0 миң сом, 2021-жылга - 2666376,8 миң сом.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн каражаттарын бекитилген жылдык көлөмдүн он экиден бир бөлүгүндө тең өлчөмдө жыл ичинде толук көлөмдө которууну камсыз кылсын. (КР 2020-жылдын 21-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111883/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111883/st-7)
