6-берене
Күчүндө · 21.01.2020 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 21 января 2020 года № 8
1. Республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна өткөрүп берилүүчү ассигнованиелердин өлчөмү төмөнкү суммада белгиленсин:
1) 2019-жылга - 11129175,1 миң сом;
2) 2020-жылга божомол - 10286200,0 миң сом, 2021-жылга - 10324420,0 миң сом.
Бюджетти божомолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине республикалык бюджеттен өткөрүп берилүүчү ассигнованиелерди бекитилген жылдык көлөмдүн он экиден бир бөлүгүндө тең өлчөмдө жыл ичинде толук көлөмдө бөлүүнү камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине өткөрүп берилүүчү каражаттардын көлөмү төмөнкү суммада белгиленсин:
1) 2019-жылга - 2388285,3 миң сом;
2) 2020-жылга божомол - 2505432,0 миң сом, 2021-жылга - 2666376,8 миң сом.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн каражаттарын бекитилген жылдык көлөмдүн он экиден бир бөлүгүндө тең өлчөмдө жыл ичинде толук көлөмдө которууну камсыз кылсын. (КР 2020-жылдын 21-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 21.01.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 21 января 2020 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О бюджете Фонда обязательного медицинского страхования при Правительстве Кыргызской Республики на 2019 год и прогнозе на 2020-2021 годы"Редакцияларды салыштыруу
21.01.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…өлчөмү төмөнкү суммада белгиленсин:
1) 2019-жылга - алынып салынды: 10852341,7 кошулду: 11129175,1 миң сом;
2) 2020-жылга божомол - 10286200,0 миң сом, 2021-жылга - … тең өлчөмдө жыл ичинде толук көлөмдө которууну камсыз кылсын.
кошулду: (КР 2020-жылдын 21-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111883/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>