# 11-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111883)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 23-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111883/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2686/edition/994595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111883/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө, 11-берене (21.01.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111883/st-11

---

1. Келишимдик негизде көрсөтүлгөн кызматтарга жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын бюджеттерин түзүүнү жана аткарууну администрациялоо боюнча ыйгарым укуктар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна жүктөлө тургандыгы белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын эсептеринде пайдаланылбаган каражаттардын калдыктары кийинки бюджеттик жылга которулат.

3. Республикалык бюджеттен ассигнованиелер толук эмес көлөмдө бөлүнгөн учурда, карыздын суммасы кийинки бюджеттик жылга өтөт жана республикалык бюджеттин долбоорунда каралат.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бюджетти аткаруу процессинде Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарына келишимдик негизде көрсөтүлгөн кызматтар үчүн өз убагында жана толук акы төлөөнү жүзөгө ашыруу үчүн жоопкерчилик тартат.

5. Өздүк чыгашалардын толуктугун камсыз кылуу жоопкерчилиги Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.

6. Саламаттык сактоо уюмдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан бюджеттик жөнгө салуу, ошондой эле саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу менен пайдаланылган каражаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин киреше бөлүгүнө которулууга тийиш экени белгиленсин.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111883/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111883/st-12)
