# 10-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111883)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 23-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111883/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2686/edition/994595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111883/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө, 10-берене (21.01.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111883/st-10

---

1. Бирдиктүү төлөөчү системасынын саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн медициналык жана башка кызматтарга акы төлөө боюнча эсептешүү үчүн 2019-жылы пайдаланылуучу базалык ченемдер 7-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу боюнча калктын жан башына эсептик көрсөткүчү 2019-жылы 1500 (бир миң беш жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.

3. Гемодиализ кызмат көрсөтүүлөрүн мамлекеттик сатып алуулары Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү терминалдык стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган, өтө муктаж болгон бейтаптарга гемодиализ кызматын көрсөтүүчү жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарынын тизмесине киргизилген саламаттык сактоо уюмдары менен түз келишим түзүү методу менен жүзөгө ашырылары белгиленсин.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111883/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111883/st-11)
