# КР 2019-жылдын 29-мартындагы № 39 "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 29-мартындагы № 39 "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 29.03.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111881>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2684/edition/1111159/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111881.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2019-жылдын 29-мартындагы № 39 "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы (03.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111881

---

КР 2021-жылдын 3-декабрындагы № 147 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 29-марты № 39 "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2019-жылдын 20-февралында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111881/st-1)

"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 435-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"Аудитор эмгек келишими же келишим (контракт) боюнча аудитор катары бир гана аудитордук уюмдун курамында өз ишин жүзөгө ашырат.";

2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-статья менен толукталсын:

"5-1-статья. Аудитордук уюмдун капиталы

1. Аудитордук уюмдун уставдык капиталынын негизин толук төлөнгөн уставдык капитал түзөт.

2. Аудитордук уюмдун уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана, накталай эмес формада жана катышуучулардын (акционерлердин) акча каражаттарынын эсебинен түзүлөт.

3. Аудитордук уюмдун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү 100000 сомду түзөт.";

3) расмий тилдеги 8-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "издание" деген сөз "разработка" деген сөз менен алмаштырылсын;

4) 9-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасында аудитордук иш менен алектенүүнү каалаган жеке жактарды аттестациялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111881/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 5-апрелиндеги N 25 жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С. Жээнбеков
