# 9-берене. Ушул Мыйзамдын ченемдерин сактабаганы үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111871)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 2-февралындагы № 22 "Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.01.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2021 года № 37 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной дотации в семеноводстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/112196)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111871#diff=1213098..1213099>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111871/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2674/edition/1213098/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111871/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө, 9-берене (25.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111871/st-9

---

1. Кызмат адамдары, үрөнчүлүк чарбалары жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү ушул Мыйзамдын ченемдерин бузганы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык жана жазык мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын жоруктар жөнүндө жана бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

2. Үрөнчүлүк чарба тарабынан артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн дотациялык үрөндөрүн алуучуларга зыян келтирилген учурда, ушул үрөнчүлүк чарба дотациялык үрөндөрдү алуучунун талабы боюнча соттун чечиминин негизинде төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) сапатсыз себилүүчү материалды ушундай эле сапаттуу сортко алмаштырууга;

2) себилүүчү материалды алмаштырып берүүгө мүмкүн болбогон учурда келтирилген зыяндын ордун акчалай түрдө толтуруп берүүгө.

(КР 2021-жылдын 23-мартындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111871/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111871/st-10)
