# 7-берене. Үрөнчүлүктө мамлекеттик дотацияны каржылоо

- Документ: [Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111871)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 2-февралындагы № 22 "Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.01.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Респблики от 25 января 2023 года № 11 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере сельского хозяйства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112465)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.01.2023 [Закон Кыргызской Респблики от 25 января 2023 года № 11 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере сельского хозяйства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112465); 23.03.2021 [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2021 года № 37 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной дотации в семеноводстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/112196)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111871#diff=1213099..1213100>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111871/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2674/edition/1213098/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111871/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө, 7-берене (25.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111871/st-7

---

1. Үрөнчүлүктө мамлекеттик дотация республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекеттик дотация үчүн бөлүнүүчү каражаттар кезектеги финансылык жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда каралат.

3. Мурунку (базистик) жылдагы факт боюнча үрөнчүлүк материалды өндүрүүнүн наркы кийинки жылга республикалык бюджеттин долбоорун даярдоодо дотацияны пландоодо негиз катары алынат.

4. Үрөндү өндүрүүнүн наркы айыл чарба чөйрөсүндө саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген методикага ылайык аныкталат.

5. (КР 2021-жылдын 23-мартындагы № 37 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2021-жылдын 23-мартындагы № 37, 2023-жылдын 25-январындагы № 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111871/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111871/st-8)
