# 5-берене. Үрөнчүлүктө мамлекеттик дотацияны жүзөгө ашыруучу органдар

- Документ: [Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111871)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 2-февралындагы № 22 "Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.01.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Респблики от 25 января 2023 года № 11 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере сельского хозяйства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112465)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.01.2023 [Закон Кыргызской Респблики от 25 января 2023 года № 11 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере сельского хозяйства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112465); 23.03.2021 [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2021 года № 37 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной дотации в семеноводстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/112196)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111871#diff=1213099..1213100>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111871/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2674/edition/1213098/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111871/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө, 5-берене (25.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111871/st-5

---

1. Айыл чарба чөйрөсүндө саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) үрөнчүлүктө артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүн мамлекеттик дотацияны жүзөгө ашыруучу органдар болуп саналат.

2. Айыл чарба чөйрөсүндө саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган дотациялык тастыкталган үрөндөрдүн көлөмдөрүн аныктайт. Мамлекеттик дотациянын көлөмүн аныктоо, мамлекеттик дотация берүү механизминин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, дотациялык үрөндөргө коюлуучу бааны бекитүү, мамлекеттик дотациянын квоталарын белгилөө жана каражаттарын төлөө тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жобого ылайык белгиленет

(КР 2021-жылдын 23-мартындагы № 37, 2023-жылдын 25-январындагы № 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111871/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111871/st-6)
