# 4-берене. Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация механизминин негизги багыттары

- Документ: [Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111871)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 2-февралындагы № 22 "Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111871/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2674/edition/1213098/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111871/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө, 4-берене (25.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111871/st-4

---

1. Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн суперэлита, элита, биринчи муундагы сортторунун жана гибриддеринин биринчи жана экинчи репродукциядагы сатылуучу үрөндөрүн өндүрүүгө кеткен сарптоолорунун 30 пайыздык наркынын ордун толтурууга бюджеттик каражаттарды бөлүү үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация механизмин киргизүүнүн негизги багыттары болуп саналат.

2. Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн тастыкталган сорттук үрөндөрүн берүү боюнча бардык милдеттемелерди толук аткарышкан үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотациялык каражаттарды белгиленген тартипте төлөп берүүнү камсыз кылуу жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111871/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111871/st-5)
