# 3-берене. Ушул Мыйзамдын принциптери

- Документ: [Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111871)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 2-февралындагы № 22 "Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111871/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2674/edition/1213098/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111871/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө, 3-берене (25.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111871/st-3

---

Ушул Мыйзам төмөнкү принциптерге негизделет:

1) артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн өндүрүүчү жана аларды айыл чарба товар өндүрүүчүлөргө сатуучу үрөнчүлүк чарбалар үчүн мамлекеттик дотациянын бирдей жеткиликтүүлүгү;

2) өндүрүлгөн үрөндөрдүн сапатынын Кыргыз Республикасында кабыл алынган стандарттарга ылайык келиши;

3) үрөнчүлүк чарбалардын ишинин экологиялык жана фитосанитардык коопсуздугу;

4) селекция жана үрөнчүлүк жаатында ишти жүзөгө ашырган илимий-изилдөө мекемелери жана уюмдары менен өз ара аракеттенүү;

5) айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн товарларынын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү;

6) импортту алмаштыруу жана экспортко багытталуу.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111871/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111871/st-4)
