# 1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү

- Документ: [Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111871)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 2-февралындагы № 22 "Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111871/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2674/edition/1213098/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111871/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө, 1-берене (25.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111871/st-1

---

1. Ушул Мыйзам мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, үрөнчүлүк чарбаларынын жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн ортосундагы мамилелерди туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация механизмин киргизүүнүн укуктук негиздерин регламенттейт.

2. Үрөнчүлүккө мамлекеттик дотация берүүгө байланыштуу келип чыккан мамилелерди укуктук жөнгө салуу ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык негизделет жана жүзөгө ашырылат.

3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жол берилген Өсүмдүктөрдүн сортторунун жана гибриддеринин мамлекеттик реестрине киргизилген артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторунун жана гибриддеринин тастыкталган сорттук үрөндөрүн өндүрүүгө жана сатууга жайылтылат.

4. Ушул Мыйзамдын жоболору Кыргыз Республикасынын бардык аймагында бир жана бир нече артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн өндүрүүгө, сатууга жана үрөндөрдү себүү үчүн пайдаланууга расмий статусу бар бардык үрөнчүлүк чарбаларына карата колдонулат.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111871/st-2)
