# КР 2019-жылдын 29-январындагы № 20 "2018-жылдын 10-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 29-январындагы № 20 "2018-жылдын 10-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.01.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111869>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2672/edition/929346/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111869.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2019-жылдын 29-январындагы № 20 "2018-жылдын 10-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамы (29.01.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111869

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 29-январы № 20 2018-жылдын 10-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

2018-жылдын 27-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111869/st-1)

2018-жылдын 10-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111869/st-2)

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111869/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 1-февралындагы N 7 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С. Жээнбеков
