1-берене
Күчүндө · 16.01.2019 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 483-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-беренеде:
а) "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр "1. Кыргыз Республикасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Айыл чарбасынын (дыйканчылыктын, мал чарбасынын, канаттуулар чарбасынын, балчылыктын), балык чарбасынын продукциясын өндүрүүчүлөргө жана аны кайра иштетүүгө жеңилдетилген кредит берүү жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат. Жеңилдетилген кредит берүүнүн механизмдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат.";
2) 9-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 19-пункт менен толукталсын:
"19) айыл чарбасынын (дыйканчылыктын, мал чарбасынын, канаттуулар чарбасынын, балчылыктын), балык чарбасынын продукциясын өндүрүүчүлөрдү жана аны кайра иштетүүнү жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыз кылуу.".
Берененин тексти 16.01.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндөЗакон · 26.05.2009 · № 166
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111861/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>