# КР 2019-жылдын 16-январындагы № 7 "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 16-январындагы № 7 "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 16.01.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.01.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111861>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2664/edition/929306/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111861.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2019-жылдын 16-январындагы № 7 "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы (16.01.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111861

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 16-январы № 7 "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2018-жылдын 5-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111861/st-1)

"Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 483-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 6-беренеде:

а) "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр "1. Кыргыз Республикасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"2. Айыл чарбасынын (дыйканчылыктын, мал чарбасынын, канаттуулар чарбасынын, балчылыктын), балык чарбасынын продукциясын өндүрүүчүлөргө жана аны кайра иштетүүгө жеңилдетилген кредит берүү жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат. Жеңилдетилген кредит берүүнүн механизмдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат.";

2) 9-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 19-пункт менен толукталсын:

"19) айыл чарбасынын (дыйканчылыктын, мал чарбасынын, канаттуулар чарбасынын, балчылыктын), балык чарбасынын продукциясын өндүрүүчүлөрдү жана аны кайра иштетүүнү жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыз кылуу.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111861/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 22-январындагы N 4 жарыяланды Ушул Мыйзамдын колдонулушу ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин келип чыккан айыл чарбасын кредиттөө чөйрөсүндөгү мамилелерге жайылтылбайт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө: өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин; Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ушул Мыйзамдан келип чыккан өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С. Жээнбеков
